Ой бөлүп, сулуу кыздарды карап,
От болуп жанам.
Жел менен кошо жүзүнөн сылап,
Кыялга батам.
Кылыктанып ойго салдыңар,
Кызык мүнөз кыргыз кыздар, ай.
Ай-ди-ди-диридий,
Айдай кыздар, ай,
Ай-ди-ди-диридий,
Кыргыз кыздар, ай
Ай сымал, тунук, чырайы жанган,
Дем берип жанга.
Көл болуп толкуп, агылып барам,
Кылыктарына.
Кызыктырып арбап алдыңар,
Кара көздүү кыргыз кыздар, ай.
Ай-ди-ди-диридий,
Айдай кыздар, ай.
Ай-ди-ди-диридий,
Кыргыз кыздар, ай.
Бал тамызып сүйлөгөн сөздөрү,
Суктандырып, мөлтүрөгөн көздөрү.
Гүлдөй болуп ачылган, назик жан го көздөрү.
Күндөй назик, жаркылдап күлгөнү,
Көкүрөккө чокту салып жүргөнү.
Кыдырсаң да табылбас мындай дүйнөнү.
Кызыктырып арбап алдыңар,
Кара көздүү кыргыз кызда, ай.
Ай-ди-ди-диридий,
Айдай кыздар, ай.
Ай-ди-ди-диридий,
Кыргыз кыздар, ай.
Нияз Абдыразаков — Кыздар, ай тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 432