Датасы: 22.10.2020
Формат: mp3

Сен менин жалжал көзүм, жалжалымсың,
Сен менин жандай көргөн ардагымсың.
Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң,
Өзүңө бүт өмүрүм арнаарым чын.
Кайырма:
Жалжалым, жалжалымсың,
Ардагым,ардагымсың.
Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң,
Өзүңө бүт өмүрүм арнаарым чын.
Артылып көрбөй калсам сагынычым,
Кусадан кыйын болот арылышым.
Ачык айт неге калдың кабак бүркөп,
Ачык айт эгер болсо таарынычың.
Кайырма:
Антпечи, бүркөбөчү кабагыңды,
Көрсөм дейм айдан ачык жамалыңды.
Катсаң да жүрөгүңө барчу жолду,
Ишенгин качан болсо табарымды.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *