Атат таңдарым, өзүңдү күтүп жүрөгүмө куса толуп
Ким менен кайда, жүрөсүң айтчы таштап мени арманга
Өчпөгөн үмүт, үлбүрөп күйүп үзүлгөнү турат жаным
Сагындым сени, сагындым жаным
Келчи кайда болсоң дагы
Махабатым сен,
Жүрөгүмдөн өчпөгөн
Махабатым сен,
Жүрөгүмдөн унутулбас
Кабарың айтчы, сага барайын болсоң да кол жеткис жайда
Сагындым жаным, сен дагы мени сагындыңбы асылым
Көктөн элесиң, көрүнөт мага жылдыздардан шуру тагып
Кол сунуп жетпей же унутуп кетпей эзилемин, эзилемин
Махабатым сен,
Жүрөгүмдөн өчпөгөн
Махабатым сен,
Жүрөгүмдөн унутулбас
Жоодарбешим — Унутулбас махабатым тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 1484
Таппай жатам