Тайанарга аска зоон алар ким?
Жыгылганда арка жолок болоор ким?
Баарынан да адам кылып чонойтуп ай, арбаштырып эли журтка кошоор ким?
Оор ишиңде сага жардам кылаар ким
Оорусаң да башың кармап сылаар ким
Билсен билгин мунун баары ата-энен ай, ата энеңдин көзу барда сыйлай жур ай, сыйлай бил!
Кайда жүрсөң сар санаага батаар ким?
Бар тапканын сени ойлооп катаар ким?
Сен эсиңден чыгарсаң да сени ойлоп ай, түнү бою уктабастан жатаар ким?
Эсенби деп кайда жүрсөң ойлоор ким?
Бар тапканын сага чачып колдоор ким?
Билсен билгин мунун баары ата энен ай, ата энеңдин көзү барда сыйлай жур ай сыйлай бил!
Алыс жолго чыксан батаа берер ким?
Аман кел деп артындан суу себер ким?
Аман келсең дасторконун жайнатып ай ,ысык нанын ысык чайын берээр ким?
Жүрөгүнө сени кармап түйөр ким, жан талашып жанын сага күйөр ким?
Билсең билгин мунун баары ата энең ай, ата энеңдин көзү барда сыйлай жур ай сыйлай бил!
Үйлөп жайлап өз үйүнө болоор ким?
Үмүттөнүп үзүрүңдү көрөөр ким, ойлон бирок алар өтсө дүйнөдөн ай, сага жардам сага жөлөк болоор ким?Карабасаң ата эне кор болот, таштап салсаң ал бирөөгө кордолот, андай ата бешенеси шор болот ай, андай эне бешенеси кор болот.
Азиз Батыров — Ата-энеңди көзү барда сыйлай жүр! тексти
Датасы: 11.09.2021 Көрүүлөр: 46027
Аябай жыкшы ыр экен
Оа мага жакты комуз менен бат эле үйрөндүм
Мага азиза батыровтун ырлары абдан жагат
Магадагы тиммеле снонун
Мага дагы абдан жакты
эн айакысын утуптурсуз
Ооба
Сооонун ката жок
Ыйладым.Жүрөкө жетти.
Кайгылуу ыр экен
Жакшы экен
Аябай жакшы ыр , мага жакты , мен комуз менен үйрөнөйүн деп жатам
Эн сонун биз эми жатайбыз комуз м.н бачым эле жатайбыз деп ойлойм
Эн сонун биз эми жатайбыз комуз м.н бачым эле жатайбыз деп ойлойм
Мага абдан жакты. Ыйлагым келип кетет ушул ырды укканда.
Мага абдан жакты комуз менен уйронуп жатам
Жакты
Жакты абдан сонун
Сонун