Гүл болуп өбүлбөдүм
Күү болуп төгүлбөдүм
Күн чубак чыга келип
Түн сымал көрүнгөнүң
Кайырма:
Өкүнткөн кайран жашым
Өтө элек арман жашым
Бактылуу болсоң экен
Бактысыз армандашым
Көктөгү желбирегим
Шактагы жалбырагым
Таалайга туш болбодуң
Таба албай жалдырадым
Кайырма:
Шурумду карматпадым
Нуруңдан алдастадым
Муңумду билип туруп
Муңумду таркатпадың
Кайырма:
Азиза — Армандашым тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 3027