Тоо гүлүндөй жытыңан тебеленем
Чарк айланып бала үчүн эбеленем
Отко сууга канаты кайрылса да
Түтөт тура баарына эне деген
Кайырма:
Кумарланам ансайын
Жытынан искеп
Садага деп айдайым
Садага деп күндөйүм
Апакең алкап
Ак сүйүүдөн жаралган наристеби
Аппак ууздай таптаза периштеби
Бала деген жүрөктү толгоп турган
Кандай ыйык ал сезим деги ичтеги
Кайырма:
Мен эненин бир эрке баласы элем
Өтөт тура зуулдап өмүр деген
Мына бүгүн мен өзүм эне болуп
Эзилишип олтурам балам менен
Кайырма:
Азиза — Бала жыты тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 12539
Тоо гулунон жытынан тегеренем
Тоо гулундой жытынан тегеренем