Күндөгүдөй эле оку жайдан чыгып бараткан
Биз кезиктик ага аялдама алдынан
Аты болсо анын таң нуру
Чагылгандай ага ай нуру
Көргөн жанды сүйдүрөт ал сулуу
Кайырма:
Эки жүрөк бир кыз тандады
Эмне болот андан ары жагы
Эки жолго түшөөр бекенбиз
Эх досум ай
Эки жүрөк бир гүл тандады
Экөөбүз деп согуп калбайбы
Эгер ал гүл кимди тандаса
Достук калсын сакталып
Күндөн күнгө ага ашыктыгым күчөп баратат
Кирпик какпай кээде аппак болуп таңдар агарат
Сүйкүм аны мынча көздөрү
Таттуу экен анын создөрү
Уккум келет ан сайын ширин сөздөрүн