Датасы: 02.10.2020
Формат: mp3

Отурам жалгыз караңгы түндө,
Элестеп кетет сүйгөнүм көзгө.
Уккула достор ыр ырдап берем,
Өзүмдүн сүйгөн бир кыз жөнүндө.
Досторум да бар, душманым да бар.
Досторум укса мени аяшар.
Өз сүйгөнүнө жетпей калды деп,
Душманым укса, табасы канар.
Табигат неге мынча таш боорсуң,
Адамдарга сен калыс болбойсун.
Эгерде сенде калыстык болсо,
Эмнеге мынча бизди кордойсуң.
Чындыгын айтсам, мен сени сүйгөм,
Жалгыз сен үчүн от болуп күйгөм.
Акыры бир күн башыңды чайкап,
Аттиң ай, неге адаштым дебе.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *