Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.
Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.
Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат баргын агай деп,
Узатып калдың вокзалдан.
Ойлосом болот көңүл шат,
Жолуксак деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.
Ыр аралашко
Сссссссс
Күнго а ырда күчкө
Саламат баргын агай деп деген жер барбы
Ката жок
Ката бул эмес
Сонун
Тамаша
Соонун
Жакшы