Гүл жайнаган талаадан,
Күлүмсүрөп караган.
Күн нуруна чагылтып,
Күмүш кетмен кармаган.

Биздин-биздин балажан,
Даңкы алыс тараган.
Көрк жарашкан ишиңе,
Көңүл тоюп кадалам.

Ак пахталуу талаадан,
Бадырайып караган.
Ай нуруна чагылтып,
Алтын кетмен кармаган.

Биздин-биздин балажан,
Карашыңан садаган.
Шаңдуу шайыр ишиңдин,
Шаанисине жайланам.

Күркүрөгөн ак күздө,
Эс албастан чак түштө.
Жаркылдатып кетменин,
Жүргөн тура дагы иште.

Ай, балажан, балажан,
Иштешиңе танданам.
Баатыр бала наамыңдын,
Даңкы бийик, шаңданам.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *