Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш жал чабдар атчан.
Алыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң, ай, жашайт тура,
Беш миң жыл арча деле.
Мүмкүн, сен болот элең,
Абышка аппак сакал.
Ызаттап, калк кадырлап,
Ар сөзүң болуп макал.
Уулуңдун уулун көрүп,
Турбадың мээрим төгүп.
Ошону эстегенде,
Чиркин, ай, жүрөктү өйүп.
Түшүмө кирчи дагы,
Кайраттуу, мурункудай.
Жүрөктө жүрчү дайым,
Эч качан унутулбай.
Сага арнап, сени эскерип,
Эч нерсе жасай албайм.
Тек гана жүрөм эстеп,
Атаке, атакебай.
Бегимай Бекбоева — Атама тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 741