Датасы: 26.11.2020
Формат: mp3

Бакыттын ыйык гүлүн
Махабат денизинде
Арман ай үзө албадык
Эрчишип сүзө албадык.
Жанаша канат кагып
Арман ай, уча албадык.
Сезимдин сересинен эй
Эмнеге чыга албадык.

Кайрылбай сүйүү кушу
Арман ай учуп кетти.
Ансыз да ыза толгон
Санаамды бузуп кетти.
Жанында эриш аркак
Арман ай боло албадым.
Копуруп көөдөнүнө эй
Көлкүлдөп толо албадым.

Жанында болот эми
Арман ай башка бирөө
Тушунбойм эмне болдун эй
Деги айтчы кимде кунөө
Билбеймин эми сенсиз
Арман ай, кантип жашайм.
Жок болгон жан дүйнөмдү
Кайра мен кантип жасайм.

Бек Борбиев — Ак сүйүүм тексти: 4 комментарий

  1. Бакыттын ыйык гулун
    Арманай узо албадык (болуш керек еле)
    Бул жерде мындай:
    Бакыттын ыйык гулун
    Махабат денизинде

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *