Ай мончок шурум бар мойнумда
Айылым тоолордун койнунда.
Айыкпас дарт кылып жүрөгүңө
Чок салып койдум да,
От салып койдум да, эй койнуңа.
Кайырма:
Эки бетиң кызыл тегерек
Боз жоргом бар, азоо тебенээк.
Ары толук сендей сулууга
Айтчы, андан башка не керек?
Түз эле айылыңа бардым да
Сөз айттым курбу-кыздар алдында
Жылмайып аста чечип калпакты
Сүйдүрүп алдым да
Күйдүрүп алдым да, эй алдыңда.
Кайырма:
Бек Борбиев — Андан башка не керек тексти
Датасы: 26.11.2020 Көрүүлөр: 8808
Бек байке сизге кантип жоолуксам болот
Сиздин ырларынызды коп аткаруучулар обонун бузуп ырдашып койуп жатат менин ичим чыкбай журот ошого мен сиз мн жоолугуп сиздин колдооз мн аткарып чыксам деген ниете журом сиздин колдоонуз керек бек агай деп бектен.