Датасы: 26.11.2020
Формат: mp3

Жашырып кайда катамын
Жагымдуу ойго батамын.
Бала элем мен да кечээ эле, ой кечээ эле
А бүгүн өзүм атамын.
Мезгилди табып каталык
Эшигин жапты балалык
Бала кез кеткен ордуна, ой ордуна
Байланды сезим аталык.

Кайырма:
Тун кызым күндөй жанса деп
Апасына окшоп калса деп
Эки уулум эрте бой жетип
Өзүмдү жазбай тартса деп.
Балкыган бала күлкүгө
Бакытым менин үйүмдө
Балдарын сүйгөн апасы
Бакытым менин сүйүүмдө.

Билсе да өзү басканды
Көтөрүп алам баламды.
Мен сезбей жүргөн экенмин, ой экенмин
Түшүндүм эми атамды.
Бешикте али жатса да
Апа деп билет айтканды
Аларды көрүп эстедим, ой эстедим
Ак сүтүн берген апамды.

Кайырма:
Тун кызым күндөй жанса деп
Апасына окшоп калса деп
Эки уулум эрте бой жетип
Өзүмдү жазбай тартса деп.
Балкыган бала күлкүгө
Бакытым менин үйүмдө
Балдарын сүйгөн апасы
Бакытым менин сүйүүмдө.

Один комментарий к “Бек Борбиев — Бакытым менин тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *