Датасы: 06.11.2020
Формат: mp3

Ынтымагы жок тарыхта көп элдер
Кырылып кеткен жоголуп
Кагаанаты да эли да жери да
Таланып кеткен тонолуп
А мен кыргызмын мекеним Кыргызстан
Өнүгүп өс гүлдө жаша
А мен кыргызмын бир эл туубуз бар
Манастан калган асаба

Кайырма:

Бир бол кыргыз элим бир бол
Бөлүнбө бизде бир жол
Эгемен асманыбыз
Ала-Тоо мурасыбыз
Тынчтыкка бир бол жоо келсе бир бол
Жеңиште кыргыз бир бол

Бир келсе бирөө урууга эл жерге
Билип кой ыркын бузганың
Бийик койгон бар бийлигиң байлыгың
Билип кой кыргыз душманың
Бабадан калган асыл ой ак сөздү
Замандап болсун урпагың
Кыргызстаным көкөлөй берсин
Үч миң жыл кийген калпагын

Бир бол Кыргызстан бир бол
Бөлүнбө бизде бир жол
Ашууда кыргыз бир бол
Ызгарда кыргыз бир бол
Ак илбирс бириң мекен тут диниң
Сактагын кыргыз тилин
Тынчтыкка бир бол жоо келсе бир бол
Жеңиште кыргыз бир бол

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *