Датасы: 05.11.2020
Формат: mp3

Мен сени жакшы көрөм
Кабагыңды бүркөсөң да
Сагынып тез эле куса болом
Алыста жүрбөсөң да
Мен сени жакшы көрөм
Ууртуңдан жылмайганың
Билип кой мен үчүн күлүп турсаң
Жашоодо бул майрамым

Кайырма:

Жакшы көрөм жакшы көрөм жакшы көрөм
Жамалыңа куюлушат жазгы көркөм
Жасанып сен жашыл көйнөк кийип алсаң
Теңелбейт го мажүрүм тал чачын өргөн
Мен сени эки дүйнө жакшы көрөм

Мен сени жакшы көрөм кучактап ыктаганың
Эркелеп шоктонуп сөзүмдү укпай жакамдан жыттаганың
Мени сени жакшы көрөм түнөрүп таарынсаң да
Жазылбай кыйнайсың кайра өзүңдү жеңилип багынсам да






Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *