Дениздеги жалгыз калган кайык сымал,
Шамалы жок дарегимден жылбай турам.
Айнек үйгө камакталган балык сымал,
Тагдырымдын тардыгына сыйбай турам.
А сен мага дем бересиң, жел бересиң,
Сен мага түпсүз, терең көл бересиң.
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм?
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм.
Жер-асмандын ортосунда түркүк болуп,
Табияттын же мыйзамын мен буза алармын.
Алтын тордон бошотууга бүркүт болуп,
Канат күүлөп сен тарапка сыза алармын.
Анткени сен чыгарасың туңгуюктун торунан,
Буулукканда бир өзүңө
жолугам.
Кубат алам көздөрүңдөн алган жообуман,
Себеби билем, менин жеңилүүгө жолум жок,
Бир өзүңдөн башка жанга орун жок,
Эч жүрөгүмдө, көкүрөгүмдө.
Анткени сен мага дем бересиң, жел бересиң,
А сен мага дем бересиң, жел бересиң,
Сен мага түпсүз, терең көл бересиң.
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм?
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм.
Бул ыр Бектики эмес да ондоп Акжолтой Канат уулу деп жазып коюшунуздарды отуном
Кавер деп турбайбы
Аткаруучу Бек болуп жатпайбы анан дагы кавер деп турат
аябай мыкты
Эн соонун аткарган негизиле Бек Исраилов кыйын ырчы деп эсептейм
Туура жазгыла сураныч:
*Алтын тордон бошотулган бүркүт болуп
*Көздөрүңдөн алган жообуңдан
*Себеби, билем менин жеңилүүгө жолум жок,
*Эт жүрөгүмдө, көкүрөгүмдө.
*Сен мага түпсүз терең көл белесиң
Мындан сырткары, пунктуациялык каталар бар экен…