Датасы: 13.12.2024
Формат: mp3

Экөөбүз бирге жүргөн күндү самап
Ыр жаздым сага арнап сага гана
Бир кезде бирге ойноп жүрдүк эле
Кай жакка кетип калдың мени таштап

Кайырма:

Алдаба жаным менин жаным менин
Ак сүйүү андай эмес жаным деги
Алдайсың жаш баладай эркелетип
Алдаба жаным менин жаным менин

Күтөмүн сенин жолуң жолуң карап
Күтөмүн сени бүгүн күтүп самап
Эми мен башка кызды сүйгөнүмдө
Кечир деп жалдырадың мени карап

Кечирбейм кечире албайм
Кош бол эми
Бир кезде сүйгөн элем сени сени
Муңайтып таштап коюп эми келдиң
Алдаба жаным мени

Бар чыгар мени сүйгөн аппак таңдай
Жүргөндүр жүрөгүнө сыр катпай
Балким ал аккуу болуп көлдө сүзөт
Адашып айлуу түндө мени таппай


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *