Кара көйнөк,кара шым
Бир-бирине жарашып
Илип алдың көзүмдү
Кадамыңды санатып

Көздөрүң көл карасам
Чөгүп эле баратам
Кызарып көзгө урунат
Кулпунайдай помадаң

Кара-кара-кара чачтуу мадам-мадам
Кериле басканыңыз марал-марал
Мейли азыр койбосоң да карап-карап
Акыры сага бир күн жагам-жагам

Кыры колду кесчүдөй
Көйнөгүңдүн жакасы
Такылдап ойду бурат
Туфлиңдин такасы

Ашык болду көңүлүм
Жүргөнүңө кычырап
Мас болду эх жүрөгүм
Атырыңдын жытына

Бекжан Темирхан — Мадам тексти: 14 комментарий

  1. Сонун ыр доору эле жаткан жери жайлуу болсун деп тилейли

  2. Жаткан жериңиз жайлуу болсун Бекжан байке жакшы көргөн ырчым элеңиз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *