Тойбосс
Тойбосс

Узун ойдун жазып келебин,
Кайра баштап келет элегим.
Ой учугу сага такалат,
Билесиңби, жигит, себебин.

Элесиңди ойдон тазалап,
Эстебесем болбой акмалап.
Эки ортого сүйүү жолун чаап,
Элчи болду бизге махабат.

Боло берип ойго урунду.
Чексиз сүйүүм сага урунду.
Көрбөй калсам ичим бук болот,
Жоготконсуп колдон буюмду.

Бийлеп алдың менин эркимди,
Билгин, жигит, сүйгөн селкиңди.
Жүргүм келет сенден бөлүнбөй,
Жүрөгүмдүн ээси сенсиңби?..

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.