Датасы: 13.01.2025
Формат: mp3

Ойлобой сени атпады
Кезекеги күндүн ак таңы
Сезимдин гүлүн сапырып
Кайдасың, кайда ашыгым?
Кайда сендеги асыл үн?
Өзүңдү ойлоп мен жаттым

Сагындым сени, сагынбоо мүмкүнбү?
Эң кеми бир ирет эсиме алам күндө

Кайырма

Жаным, жүрсө да сенсиз атып таңым
Бар жүрөктө баягы жалын
Турган чыгарсың угуп баарын
Менин жаным
Жүрсө да сенсиз атып таңым
Бар жүрөктө баягы жалын
Турган чыгарсың угуп барын
Менин жаным

Кирбесең дагы түшүмө
Оюмдун жүрөсүң ичинде
Сагынычымдын күчүндө
Кайдасың, кайда ашыгым?
Кайда сендеги асыл үн?
Өзүңдү ойлоп тажадым

Сагындым сени, сагынбоо мүмкүнбү?
Эң кеми бир ирет эсиме алам күндө

Кайырма
Жаным, жүрсө да сенсиз атып таңым
Бар жүрөктө баягы жалын
Турган чыгарсың угуп барын
Менин жаным

Жүрсө да сенсиз атып таңым
Бар жүрөктө баягы жалын
Турган чыгарсың угуп барын
Менин жаным

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *