Датасы: 30.09.2020
Формат: mp3

Жаныңа бара албастан,
Ыраактан карап турдум.
Баштагы күндөрдү эстеп,
Башымды чайкап турдум.
Кайырма:
Сен аны, сен аны,
Сен аны сезген жоксуң,
Сен аны билген жоксуң.
Жок нерсем табылгандай,
Жарааттан арылгандай.
Жан дүйнөм балкып турду,
Ошол кез кайрылгандай.
Кайырма:
Жакындап баргым келди,
Жакшы сөз айткым келди.
Жаныңда жарым мүнөт,
Бир болуп кайткым келди.
Кайырма:
Карааның менден узап,
Жүрөктү чырмап, тузап.
Артыңдан кала бердим,
Арманда жүрөк сыздап.
Кайырма:

Болот Тасмаев — Сезген жоксуң тексти: 19 комментарий

  1. Соонун ырлар тексттерди жазып соонун таппай жүргөн элем ыраазычылык

  2. Бул ырды маанисин тушунбойт элем.Мынтип куйоом экообуз ажырашып анан тушунуп атабыз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *