Борончу Кудайбергенов — Кечиккен махабат тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Түшүнгөн соӊ байкабай келгенимди,
Түйшүк тартып, кыйналсын дегениӊби?
Жүзүӊдөн күлкүӊ төгүлүп,
Жүз түркүн сырга айландыӊ,
Орто жаш кезде көрүнүп,
Ооркчан кылдыӊ адамды.
Жаштык кезим бекерге өткөндүгүн,
Жамалыӊды бир көрүп сездим бүгүн.
Кайчылаш жаткан жол менен,
Кездешпей жүрсөӊ кантейин.
Кайраттуу кезде кайда элеӊ?
Кечиккен жалжалым менин.
Ансыз деле чектелүү өмүрүмдү,
Арман менен достошуп өткөрөмбү?
Аксатпай Теӊир сүйүүдөн,
Пендесин кемсиз кылбайбы.
Арзыбас болуп бул дүйнөӊ,
Сүйүүгө сараӊ турбайбы.
Күлгүн жаш кез кайда элеӊ,
Күйдүргөн жалжалым менин.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp31054
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти541
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти288
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти196
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти169
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти139
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти137
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу102
Жан Сабыров — Жаным сен101

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.