Гүлдесте кармап күн сайын эртелеп,
Мектепке калбай келчү элек.
Билимин алып окуп жүргөн учур,
Эй, эстен кете элек.
Кайырма:
Ал кезде кыздар фартукчан,
Чачына бантик тагынып.
Ак көйнөк, кызыл галстук,
Жарашкан кезди сагынам.
Мушташып көздөн канча ирет жаш тамып,
Шок болуп жүрө баштадык.
Кыз тандап алгач жактырып,
Тымызын эй, жүрө баштадык.
Кайырма:
Талпынып ал кезге азыр жетпедим,
Сагынычтарым көп менин.
Өмүрдүн кымбат чагы өзүӊ белеӊ,
Эй, менин мектебим.
Кайырма:
Ачылып кыздар ал кезде,
Чачына бантик тагынып,
Ата болсом да мен азыр,
Силерди жүрөм сагынып.
Борончу Кудайбергенов — Окуучу кезди сагынам тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 774