Адам элем жайы-кышы малын баккан,
Алаканы чор болуп, чөбүн чапкан.
Жолго түнөп, түн ичи казан аскан,
Чакмак уруп, от алып кара таштан.
Мен азыр эстеликмин, ушул экен тагдыр жолу,
Таштан жасап коюшкан адам колу.
Курсагымдын билинбейт ачы-тогу,
Дүйнөнүн билинбейт бары-жогу.
Адам элем эртелеп ишке кеткен,
Белинде нан, колунда орок, кетмен.
Коломтодо от өчпөй турсун үчүн,
Отун алган балдарын эркелеткен.
Мен азыр эстеликмин, кыздарга кагылбайт каш,
Эстеликмин көзүмдөн жашым тамбас.
Мен жеңиштин уулумун таштан бүткөн,
Мен эненин уулумун үйгө барбас.
Адам элем кайгысыз, бактысы ашкан,
Жылдызы мол көрүнүп түптүз асман.
Адамдыкты талашып бара жатсам,
Огу тийди адам жасап, адам аткан.
Мен азыр эстеликмин, балдарым түшкө кирбейт,
Үшүбөйм кышкы суук мага тийбейт.
Кыймылдабайт колдорум, бут шилтенбейт,
Бир чоңойгон досторум мени билбейт.
Азат Болотбек — Эстеликтин монологу тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 442