Көйнөкчөн болуп ысыкта,
Кой жайып жашыл тумшукта.
Аралап шибер гүлдөрдү,
Адырда жүргөн кызык да.
Кой жайдык төргө экөөлөп,
Тоо суусун кечтик жетелеп.
Ошондо өткөн жайкы күн,
Алиге эстен кете элек.
Салкын жел беттен аймалап,
Сансыз гүл жерди саймалап.
Тескейдин терип ышкынын
Тоскомун койду «кыройлоп».
Жалындап сүйүү мендеги,
Жаныңдан кетким келбеди.
Жайытта кошо бир жүрүп,
Чабандын болдум эрмеги.