Ар сөздү талдай билген
Адамды баалай билген
Бар болсун жакшы адамдар
Жакшылык каалай билген

Жакшы сөз кандай сонун
Ар дайым уккуң келет
Шыгыма шыкты кошуп
Көкөлөп учкуң келет

Көңүлдү калтырбаган
Маанайы жаркылдаган
Ар ишке так болушкан
Түз айтып тартынбаган

Жарпыңды жазып турган
Жакшылар кандай сонун
Жашооңо нур жадырган
Жамандын тосуп жолун

Жаз болуп бүрдөп турган
Сезими гүлдөп турган
Асылдар көп болсо экен
Жакшыга үндөп турган

Жамгырдай төгүлгүм бар
Ыр арнап жүрөгүмдөн
Айрыба жаратканым
Асыл ой тилегимден

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *