Датасы: 30.03.2022
Формат: mp3

Жылдыздай жанып келген
Жаркыган жарык менен
Жылмайган жылуу жүзүң
Жүрөктү эзип келген.
Жанымда оттой жанып
Жылуулук берген элең.

Кайырма:
Жан дүйнөм сен деп жатты
Кызарып күнүм батты.
Жаш жүрөк жараланып
Сезилбей таңдар атты.
Жалындап ырлар жазып
Караймын сен тарапты.

Жүрөктү жарып өттү
Жаңылып жалын өчтү.
Жаш тамып көздөрүмөн
Жалдырайм карайм көптү.
Жаракат ырбап барат
Жаралап жан жүрөктү.
Кайырма:

Жанайып бакыт кушун
Кучактап бек кармадым.
Жалындап сени көздөй
Жолумдан кайта албадым.
Жаным мен бир өзүңө
Сүйөм деп айталбадым.

Чынара Туркменова — Суйом деп айта албадым тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *