Датасы: 09.09.2020
Формат: mp3

Өрмө чачтары,
Керме каштары,
Чырайлуу кыргыз кыздары.
Наздуу көрүнөт, нуру төгүлөт,
Ийилип кымыз куйганы.
Туусу силерде,
Салты силерде,
Кыргыздын сыры, баяны.
Берип милдетти,
Курчап силерди,
Энелик асыл ыйманы.
Кайырма:
Ак куудай,
Сулуусуңар силер жаркырай,
Оттой кыргыз кызы жалындай,
Ай чырай.
Назик чырайы,
Гүлдөй жамалы.
Мөлтүрөп тунук кыялы,
Жаркын маанайы,
Шаттуу жайдары,
Кыргыздын асыл тумары

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *