Жайдын бир гана толук кезинде,
Адырлуу гана тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай,
Жайдары гана селки эсимде.
Өзүмдү гана сага берем деп,
Өмүрдүн гана гүлүн терем деп.
Антташкан күндөр эсимде, ай,
Турмуштун гана сырын тереңдеп.
Агарып гана тоодон таң аткан,
Суюлуп гана жылдыз бараткан.
Калды го бекен эсиңде, ай,
Кыйышпай гана күлө карашкан?
Чырмаш Төрөбеков — Эсимде тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 2075