ЖЕТИМ МЕНЕН СЫЙКЫРЧЫ

Бир жесир эски чакта болгон карып,

Адам жок бул карыпты алган багып.

Жарынан айлык бала бойдо калган,

Уул тапты аман-эсен көзүн жарып.

Бул шордуу далай жылдар жүрдү куурап,

Баланын узун өмүр жашын сурап.
Көп мээнет, ыза сөздөр эттен өтүп,

Өлбөстүн күнүн көрүп, суусун суулап.

Ачкадан буралышат, кийип жыртык,

Жаңыртып кийген эмес кийим жыртып.

Чөңөргө тамандарын жырдырышып,

Буйдалып кээде басат, кээде сылтып.

Беш жылы оокат кылды колдо барын,

Жети жыл кызмат кылып бакты жанын.

Беш жылы кызмат таппай сендиректеп,

Кетирди кордук менен сайда-санын.

Баланын он жетиге келди жашы,

Агарды кордук менен кемпир чачы.

Баласы оокат издеп жеке кетсе,

Эненин мончок-мончок кетет жашы.

Себеби каранганы жалгыз бала,

Койгон жок эгиз кылып Кудай таала.

Бир иштен жаздым болуп кетеби деп,

Зарланып ойлогону ошол гана…

Бир күнү кемпир билди бала жайын,

Жан сактоо, бала сыры болду кыйын.

Бир айла ушул сөздөн болобу деп,

Муңайып кемпир айтты өмүр жайын.

— Кулунум, жашта калдым жубайымдан,

Чыга албай келе жатам убайымдан.

Жаныма он жети жыл медер кылып,

Тиледим өмүрүңдү Кудайымдан.

Бул кезде, балам, жашым калды кыска,

Кетем деп, оокат үчүн мени кыспа.

Тирүүлөй эки тозок көрсүн десең,

Кете бер, зар өксүтүп мени ташта!

Болбосо, колуң менен көмүп кеткин,

Кыйналып өлүгүмө таппа кепин…

Сен кетсең, кайрылышар теңиңди тап 

-Көрбөй кет куурал тарткан элдин четин.

Бала айтат: 

«Асыл — таштан, акыл — жаштан»,

Ушундай макал уктум акылдаштан.

Эчен жыл тарбиялап, азап көрдүң,

Соңунда өлбөс керек жатып ачтан.

Мен сени такыр бакпай кетем кандай?

Өстүрдүң азап көрүп балапандай.

Бул күндө ак сүтүңдү актап берем,

Өзүңсүң жалгызыңа жаккан шамдай.

Болбосо жамандыгым — жаштык кайда!

Чоң намыс жатып өлмөк — эмес пайда.

Көтөрүп өлөр кезде, адам кылдың

Жибергин, жокчулукка табам айла.

Ошондо кемпир жообун айта албады,

Кулагын уккан сөздөн тарта албады.

Байкушум, не кылса деп көптү көргөн,

Бул сөзгө кубангандан калтаңдады.

— Көп жүрдүм оокат үчүн жанды кыйнап,

Берген жок Кудай оокат, жокту сыйлап

Пайдасы болор, балам, окугандын,

Окугун, мен жүрөйүн ыйлап-ыйлап…

Көз нурум бар өнөрдү алып калсын,

Ар ишке бала көзү канып калсын.

Ар кимдин эшигинде жүргөн менен

Кор болор, анын билем жарытпасын.

Ошентип, байкуш кемпир санап калды,

Бала да окуганды самап калды.

«Мен жалгыз, бала кетет, бала кетет»,

Жүрөгү канткен менен канап калды.

Окууну бала мыктап кабылдады,

Так бүгүн күндүк оокат табылбады.

Тапса да, окуу, тамак калаа жакта,

Жүр, балам, — деди кемпир адымдады.

Карыптар беш күн ачка чымырканды,

Коргоого мүмкүн эмес бир күн жанды.

Ошентип, шайы кетип баратканда,

Табышты жолдо жаткан жарты нанды.

Эң мурун кемпир көрүп басып калды,

Баласы энекелеп шашып калды.

Чочуба, мен аманмын, таптым тамак,

Таңыркап бала мойнун кашып калды.

— Кулунум, жүргүн эми дем алалы,

Насипти буюрганын жеп алалы.

Бейитти караан кылып олтуралык,

Коркпогун, өлмөйүнчө жер алабы!

Келишти, бир бейитке сүйөнүштү,

Наны бар жарты тапкан сүйүнүштү.

Ошентип, олтурганда нан кемирип,өөх! 

— деди байкуш кемпир күйүнүчтүү.

Чоң сакал, тартайган чал болду даяр,

Чочушту көрө салып жан жок даяр.

Чал айтты: 

— Максатыңды айткын, кемпир,

Кылайын жардамымды ишке жарар?

— Тилегим, — кемпир айтты, — жалгыз, карым!

Биздерге күйөр жан жок жалгыз-жарым.

Баламды өнөр үчүн окутмакмын,

Тилегим, сурасаңыз, ошол барым.

Алаңдап, чал сүйлөдү башын чайкап,

Чоң сакал, бир кулачтай чачын жайкап.

— Балаңды эки жылы окутайын,

Толгон соң эки жылың кеткин алып.

Келем деп эки жылсыз жүрбө бекер,

Мээнетиң келген менен текке кетер.

Так ушул жерге келип жанакындай,өөх! 

— десең, ушу чалың келип жетер.

Үндөбөй кемпир, бала таңга калды,

«Куу кудай туш кылды, — деп, — кандай жанды?»

Бала айтты: 

— Бар эмесе, кайткын, эне!

Көрөйүн не болсо да, болгон алды.

Ойлонду ылаажысыз кемпир карып,

Макул — деп, кайтмак болду кабыл алып.

Чал туруп: 

— Кайткын, кемпир, жүргүн, бала! 

-Дээр менен боло калды көздөн кайым…

Ойлоду кемпир муну «Кыдыр ата»,

Сан-санаа кетип жатты сыдыр ата.

Энеси байга келип кызмат кылды,

Тамак-аш, акысына — жалгыз мата.

Күн-түнү эстен чыкпай жалгыз бала,

Жүрөгү бул кемпирдин болду жара.

Күндүз иш, түн ичинде уйку көрбөйт,

Карыпка эрмек болуп узун санаа…

Энеси ошол жерде жүрө турсун,

Кордугун санаа менен көрө турсун.

Билелик чалдын жайын — ал ким экен?

Аны да окугандар биле турсун.

ТАБЫШМАКТУУ ЧАЛ

Чал өзү өткөн экен сексен бешке,

Күн көргөн сыйкыр менен жаштык кезден.

Жеткен соң карылыгы, жан сактоого,

Жыйнаптыр селсаякты эрте-кечтен.

Бар экен окшош балдар баары тегиз,

Болуптур соңку менен туура сегиз.

Чунак чал сыйкыр менен байлаштырып,

Баарысын кылат экен окшош эгиз.

Максаты: өз жолунан билдирмекчи,

Жан багып далайларды илдирмекчи.

Балдарды окутам деп алдап алган,

Канткенде үйлөрүнө жибермекчи.

Жасаптыр ар бирине кыйла аркан,

Байланат сыйкыр менен жакын барган,

Тагдыры сегизинин арканында,

Жан болбой ал аркандан бошото алган.

Үйрөнүп чал өнөрүн баары билди,

Алышты сыйкыр менен далай миңди.

Өзгөрүп ар кимиси сыйкыр менен,

Кубулуп түрдүү жандык жүрө билди. 

Өздөрүн «Бол!»- деп жерге урат экен,

Бар болуп не бол десе турат экен.

Суу айбан, кургак айбан, же куш болуп,

Ошентип, аңгемени курат экен…

Өнөргө булар мындай жеткен кезде,

Кемпир да жылы бүтүп, келди кечте,

Белгилүү бейитине келип алып,өөх! — деди,

Я — деди чал ошол кезде.

Чал айтты: — Келдиңизби?

— Келдим, пирим!

Баламды жыйырма төрт ай бердим, пирим.

Окутсаң, койсоң дагы ыраазымын,

Колума кулунумду бергин, пирим!

— Макул, мен чакырайын балаңызды,

Балаңды өзүң таанып аласызбы?

— Баламды кантип, пирим, тааныбайын!

Кыйнайын таанып бер деп кантип сизди!

Чал жерге келгиле деп таруу салды,

Окшошкон сегиз чымчык келип калды.

Балаңды, кана, кемпир, таанып алгын!

Эки жыл тааныбасаң, дагы калды.

Калтырап кемир шашып калды карап,

Көзүнүн жашы мончок тара-тарап,

Чымчыкты шордуу кемпир кайдан билсин,

Тамшанды улам-улам колун жалап.

Айла жок кемпир кетти ыйлай-ыйлай,

Кан аккан эки көздөн жашын тыйбай.

Канетсин, өлөйүн дейт, үмүт кылат.

Көрөм деп жалгызымды жанын кыйбай.

Эки жыл алда нече жылдай болуп,

Арыктап кемпир калды кылдай болуп.

Келатты көмөлөнүп тура калып,

Кең дүйнө буркандай, нылдай болуп.

Ошентип, так эки жыл толгон кези,

Сенделип кемпир жолдо болгон кези.

Токулган жол боюнда бир аргымак,

Энеге эптеп араң айткан сөзү:

— Энеке, мен жалгызың, билесиңби?

Эсен-соо өлбөй тирүү жүрөсүңбү?

Бир жолу бакты ачылса кутулармын,

Балаңдын толук жүзүн көрөсүңбү?

Апакем жолдо экен деп билдим сени,

Жаңылбай таанысын деп келдим эми.

Аргымак кылып тизет бүгүн бизди,

Ар качан солдон үчү, коет мени.

Качмакмын эрким болсо мен, энекем!

Сыйкырдап эрксиз кылып койгон бекем.

Сен эми жаңылбагын, солдон үч де,

Бошоном, жок дей албайт, үйгө кетем.

Көтөрүп, бейитине алып жетти,

Үшкүр деп мурункудай, — желип кетти.

Байбиче каадасындай өөх! — дегенде,

Сыйкырчы колун жайып буйрук этти.

Аргымак окшош кара тизип куу чал,

Деп айтты: — Тааныгын да, балаңды ал,

Так бүгүн тааныбасаң өз балаңды,

Түбөлүк кайгырмактан, каңгырап кал.

Ошондо кемпир эстен танып кетти,

От болуп тулку бою жанып кетти.

Кантерин биле албастан мууну бошоп,

Оңбо чал, оңбогун деп наалып кетти.

Эс алып, кемпир айтты: — Кантип алам

Болсочу, эч болбосо, биздей адам…

Көнбөссүң айтканыма, жаңылбасам,

Сол жагында үчүнчүсү — менин балам!

Адамды айбан кылып үйрөтүпсүз,

Мойнуна аркандарын сүйрөтүпсүз,

Муну мен кандай кылып бакмакчымын?

Сырын айт, күнүн көрсүн мендей күчсүз!

Чал айтты: 

— Өз балаңды таптың-таптың!

Пайдасын көрмөк болдуң аргымактын.

Мейлиң ал, мейлиң ташта, жумушум жок,

Сырларын сурабагын өзүң ачкын.

— Кантейин, андай болсо, сактап алам,

Ат болду, адам эле жалгыз караан…

Түшөт деп мындай түргө ойлобогом,

Кантейин, жүргүн эми, жалгыз балам.

Ат айтты: 

— Кайгырбагын, мингин, эне!

Балаңдын ар өнөрүн билгин, эне!

Кадимки мен балаңмын, айбан эмес,

Бутуңду үзөңгүгө илгин, эне!

Кубангын мени таанып алганыңа!

Табармын дары толгон арманыма.

Кайгыргам көрбөсмүн деп, энекебай,

Зарланып тентип кетип калганыңа…

Колуңа капылестен келдим, эне,

Жүзүңдү кордук тарткан көрдүм, эне!

Айланып элдин четин кайта көрдүм,

Байланып бир душманга калдым эле.

Бошондум, эми сени көтөрөйүн,

Мен кантип мээнетиңди өтөбөйүн!

Сен тартпаган азаптар калбагандыр,

Анын баарын жоюуга төтөлөйүн!

Актасын ак сүтүңдү баккан балаң,

Мээнетин жыйырма жыл тарткан балаң.

Мен үчүн не көрбөдүң, карып эне,

Дениңден бүтө жазды бардык чамаң.

Алпаргын үйгө барбай, ат базарга,

Талашат көргөн адам миңге-санга.

Мени сат канча болсом ошончого,

Бербегин жүгөнүңдү жүз миң малга

Жүгөн кетсе мен кайтып келе албаймын,

Жүзүңдү өмүрүмчө көрө албаймын.

Сен өзүң ала кетсең жүгөнүңдү,

Алганга сатылсам да жүрө албаймын.

Аңгыча мал базарга жакындады,

Кемпир да айткан сөз макулдады.

Түшкөнчө ат базарга далай адам,

Кемпирге сатыңыз деп такымдады.

Көп болду алам деген жалгыз атты,

Биринен ар бириси жүздөн артты.

Семиз бай аягында миң сом деди,

Макул көрдү кемпир да, миңге сатты.

Жүгөндү, атты берип, колуна алды,

Ар түрдүү акчасына сонун алды.

Турмушта көрбөгөндүн баарын көрүп,

Кечинде баланы ойлоп жолго салды.

Баласы энесинен мурун келген,

Секирип энекелеп турду жерден.

Жалгызым айбан болду деп ыйлайсың,

Түңүлбө, өлгөнүңчө, эне, менден!

Ошентип, кучакташып, амандашты,

Ачылып кабактары, көлдөй ташты.

Чыгалбай кыл тузакта каларында,

Куткарды толкун турмуш карып жашты.

Ал эми көп табылды ага-тууган,

Акылдаш жакыным деп белди бууган.

Тууганы, мен жакыны дегендер көп,

Жолотпой үйгө жакын алыс кууган.

Бүгүн да кемпир базар бармак болду,

Базарга аргымакты салмак болду.

Жектеген душмандарын кекетпестен,

Дос кылып акча менен алмак болду.

Сыпаты аргымактын малдан ашты,

Көп адам мен алам деп соодалашты,

Соңунда үч миң сомго бир чал алып,

Жүгөнүн бер дегенче минип качты…

Ал эле сыйкыр чалдын анык өзү,

Өзүнө мыйзам экен айткан сөзү.

Баланы кантип кайта аламын деп,

Куу чалдын жүгөндө экен эки көзү.

Айрылып кемпир аттан тентиреди,

Кемпирге учкул сыйкыр жеткиреби!

Сыйкыр чал минип келип бир сарайга,

Аса байлап, ашпозго келди бери.

Ошентип кайта ороду чалдын тору,

Кайнайт го бошонбосо жаштын шору.

Бир уруп өзүн жерге бошотууга

Айла жок, асып койгон жетпей колу.

ТАБЫШМАКТУУ КЫЗ

Ошондо ат сарайга бир кыз келип,

Таң калды порумуна атты көрүп.

Жарыктык кандай жердин малы экен деп,

Сылады, эркелетти жалын өрүп.

Карып жаш көңүлүндө убайым жеп,

Сүйлөсөм бийкеч чочуп кетеби деп,

Сүйлөдү чыдабастан жерди чапчып,

Көзүнөн мончоктогон жашын ирмеп.

— Чочуба, эркелеткен карындашым,

Мен — адам, туткун болгон азиз башым!

Ат кылып бир сыйкыр чал минип жүрөт,

Бошоткун, чын аясаң, карлыгачым.

Селт этти, кыз белим деп чочуп койду,

Жүгүрттү кыялында нечен ойду.

Ырас го, жылкы кайдан сүйлөсүн деп,

Карындаш жумшак көңүл, чечип койду.

Жыгылды, ат бошонду жолго салды,

Аябай бардык күчүн зорго салды.

Ал дагы өзүн жерге уруп алып,

Айбаттуу арстан болуп тура калды.

Карады ар жак-бер жак, эки жагын,

Тез эле көрө салып аттын чаңын.

Күркүрөп аркасынан жүрүп калды,

Жетүүгө аргымакка кылып камын.

Аңгыча аялдабай жакындады,

Узуусу ачууланып шакылдады.

Жуп жетип жара тартып саларында,

Каз болуп бийик учуп каркылдады…

Аңгыча арстан турду бир аз карап,

Айырбай эки көзүн казды карап,

Билген соң каз экенин, чүйлү болуп,

Соңунан жан аябай учту сабап.

Чүйлү да кууп жетип алмак болду,

Тумшугун ысык канга малмак болду.

Коңур каз шашканынан сууга түшүп,

Ким болмок бир айлага салмак болду.

Шашылыш коно калды, түштү барып,

Өзгөрүп боло калды сазан балык.

Чүйлү да кошо түшүп жаян болуп,

Сазанды жутмак болду тосуп алып.

Жаяндан күн-түн качып саны кетти,
Уктабай, тамак жебей, алы кетти,

Как жарып кара сууну кара жаян,

Алмакчы бөгөп жатып андан кекти.

Сазан да ойлой-ойлой акыл тапты,

Болду да алтын шакек, жолдо жатты.

Сейилде суу боюнда хандын кызы,

Таап алып, колго салып жаркылдатты.

Кубанып кыз обочо тамга барды,

Жаян да жигит болуп ханга барды:- 

Калыптыр суу боюнда бир шакегим,

Кызыңыз берсе экен, — деп кабар салды.

Хан дароо кызын бери кел деп айтты,

Таап алган шакегиңди бер деп айтты.

Шакеги, шакек экен жаханда жок,

Мынакей мага ылайык көр деп айтты.

Ошентип, ме дегенде быркырады,

Чачылып таруу болуп шыркырады,

Өзгөрүп турган жигит короз болуп,

Бүткөнчө терип жеди жалгыз даны.

Жапжалгыз дан чокулбастан четте калган,

Кандайдыр короз сыйкыр көрбөй калган.

Жалгыз дан тегеренип, тегеренип,

Оолактап алыстады сыйкыр чалдан.

Айбаттуу бүркүт болду бардыгы шай,

Короздун болсо керек көңүлү жай.

Жеңишти жарыялап жибердиби?

Үнүнүн бардыгынча салды айгай…

Мен короз! Мен тилекке жеттим деди,

Ичиме шордуу бала кеттиң деди,

Тапканың ушул беле, шордуу бала!

Таруу болдуң, мен жедим неттиң деди.

Ошентип, кубангандан короз баатыр

Күбүндү кош канатын тапыр-тапыр.

Анан ал «кукуку-куу»дей бергенинде,

Шыпырды бүркүт болгон бала бакыр…

Бала айтты:

 — Кыймылдачы, баатыр чалым!

Ушулбу нечен жылдык жыйган алың?

Өлчөбөй өз көрүңдү терең каздың,

Эр короз, эми кайда сенин жаның!

Деди да чалдын көзүн оюп алды,

Таманга бапестелеп коюп алды.

Азаптын нечен жылдык жыйнагы деп,

Тамызбай канын жерге, тоюп алды.

Анан ал чал жашаган жерге барды.

Жетөөнө кылганынан кабар салды.

— Бир туткун, бир тилектеш карып элек,

Боорум ай! Чынбы, — дешип тосуп алды.

Байкуштар кыйышалбай чуркурашты,

Үй-жайын бири билбей буркурашты.

Атанын атын билсе, элин билбейт,

Билишпей энелери төккөн жашты.

Ыйлашты кучакташты, бөлүнбөдү,

Бирөө да жайын табар көрүнбөдү.

Баарысы чурулдашты: муңдаш өстүк,

Болбойлук түбөлүккө бөлүнмөлүү!?

Бир жашап, бирге өмүр кечирелик,

Ачтарга кийим берип, ичирелик.

Туткунда биз сыяктуу калгандардын,

Душманын суу сепкендей өчүрөлүк.

Бардыгы бул тилекти кабылдашты,

Антташты арамдарга жалынбасты.

Бардыгы каркырадай тизилишип,

Белгилүү бир энеге адымдаш

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алданган карышкыр жомок238
Таранчы менен түлкү206
Акылдуу дыйкан204
Ырыс алды — ынтымак193
Акыл карачач188
Ууру үкү135
Муз чолпу107
Көмөч нан (колобок) жомок89
Чоң кумурска менен кичинекей кумурска76
Жоогазын60

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.