Алыстап менден керемет,
Үстүмдөн муздак себелеп.
Дүйнөнүн сырын көтөрүп,
Өзүмдү турам жемелеп.
Кайырма:
Айрылып сенден калдымбы?
Өзүңдөн аздымбы?
Унутуп эми калдыңбы?
Эмнеден, жаздымбы?
Садагам, сенден азмынбы?
Өткөрүп күндөр тереңдеп,
Беришип сөздөр бекемдеп.
Коштоштук баары бүткөндөй,
Каректе калды элестер.
Кайырма:
Айрылып сенден калдымбы?
Өзүңдөн аздымбы?
Унутуп эми калдыңбы?
Эмнеден, жаздымбы?
Садагам, сенден азмынбы?
Даниель — Айрылуу тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 6019
Мага жакты укмуш
Жакты