Көп жылдар сенден жүрөмүн алыста
Өмүр менен түшкөн жарышта
Жашоонун шартсыз мыйзамы экен
Убакыт тар сага барышка
Кайырма:
Көңүлүм жай албай сага баралбай
Дайра болуп толкуп агалбай
Салам айтам кыргыз элим аманбы
Сагындым мен айылымды талаамды
Ичкен сууңду актабасам
Эгер сени тандабасам
Суранам кечир балаңды
Эске салып жоругуңдү
Апам байлап жоолугуңдү
Тосуп ал бүгүн барат уулуңдү
Көзүмдөн учуп айыл таңдары
Балалыгым анда калган иий
Жеталбай саган жүрөгүм куса
Башка түшүп өмүр залалы