Аткаруучу: НУРКАЛЫС
Күлмүңдөп күлүп турган көздөрүңдөн
Жылуулук тартулаган сөздөрүңдөн
Бакыттын даамын сездим жаным сенден
Бактылуумун жанымдан сен жүргөнүңдөн
Бакыттын даамын сездим жаным сенден
Бактылуумун жанымдан сен жүргөнүңдөн
Жанымда жүрө берчи жаным күлүп
Жашайлы бири бизди сыйлап сүйүп
Алладан берилгенсиң аманатым
Сактаймын жүрөгүмө бекем түюп
Алладан берилгенсиң аманатым
Сактаймын жүрөгүмө бекем түюп
Сен менен турмуш жолун басып барам
Жолумда канча ашуу болсо ашам
Болгону сен жанымда болсоң болду
Сен үчүн жароокерим мен баарын кылам
Болгону сен жанымда болсоң болду
Сен үчүн жароокерим мен баарын кылам
Бактылуу көз ирмемдер сени менен
Сен гүлүм сен сүйүмсүң сен бекен
Жан дүйнөм элеп алган жароокерим
Жанымда жүрө берчи эркелеп сен
Жан дүйнөм элеп алган жароокерим
Жанымда жүрө берчи эркелеп сен
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.