Жаным, бүгүндөн баштап кадамым,
Сен үчүн болот басканым, жаным.
Жаным, болчу сен менин канатым,
Үйдөгү жанган чырагым, оу, жаным.
Кайырма:
Ата-энемдин тилеги,
Ыймандуу болсун келини.
Кыз күтүп жүрүп жетпеген,
Апамдын болчу шериги.
Жаным, болчу сен менин керегим,
Түгөнбөс үйдө берекем, жаным.
Жаным, ата-энем көрүп небере,
Бололу биз да ата-эне, ай, жаным.
Кайырма:
Ата-энемдин тилеги,
Ыймандуу болсун келини.
Кыз күтүп жүрүп жетпеген,
Апамдын болчу шериги.
Кыз күтүп жүрүп жетпеген,
Апамдын болчу келини.
Ырлары ото соонун мага жагат баары
Апама
Аябай жакшы ыр
Автор
Калбаев Жаныбек
Биздин үй деген ырында уксаңыздар Аябай мааниси терең ыр.