Сайкал Садыбакасова — Мугалим тексти

Көчүрүү (скачать)

Ак сүтүн берген апамдай,
Тынч алып эч бир жаталбай.
Окуучум билим алсын деп,
Кам кордун алыс баса албай.

Кайырма (2-жолу)
Баш ийип таазим кыларым,
Мугалим алтын чынарым.
Суйуктуу эжей-агайым,
Силерге алкыш айтамын!

Кездешсек мээрим төгөсүң,
Чын дилден көнүл бөлөсүң.
Биздерге ак жол тиледиң,
Билимдин берип мөмөсүн.

Кайырма (2-жолу)

Жандырып өмүр чырагын,
Тааныткан жолдун ыраагын.
Жылдызга башым жетсе да,
Мугалим менин сыйлаарым.

Кайырма (2-жолу)

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1616
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти276
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти190
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти121
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти116
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти101
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти69

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.