Мен элем элимди сагынган,
Тууган жер тузуна багынган.
Келемин узак жол алдымда,
Махабат күтөмүн айылдан.

Ардагым сен, Жамийла,
Жалжалым сен, Жамийла.
Ашыгым сен, Асылым сен, эркетайым!

Жүрөктө көп сыр бар кайнаган,
Үмүтсүз жашаган кайда адам?
Күн сайын жүз ирет көрсөм да,
Канбаймын жүзүңө жайнаган.
Ардагым сен, Жамийла ,
Жалжалым сен, Жамийла.
Ашыгым сен,
Асылым сен, эркетайым!

Один комментарий к “Даниярдын ыры тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *