Датасы: 20.08.2020
Формат: mp3

Эскерип ырдайм эмгегин
Чынгыздай улуу атанын
Калеми менен жарыткан
Адабий рухун ааламдын
Кара сз болсо бийик тоо
Айтматов анын аскасы
Өнөрү менен көкөлөп
Жетпеген андан башкасы

Таластын суусу шаркырап
Жылдыздар көктөм жаркырап
Махабат ыры жаңырса
Элесиң эске тартылат

Жашоонун кырчын кырында
Адамзат канча жаңылбас
Чагылтып аны кылымга
Калеми жазды багынбас

Жазаарда курчуп сыясы
Түгөнбөй кайра көгөргөн
Шаңшыган бүркүт сыягы
Өнөрдүн туусун көтөргөн

Ааламга журтун таанытып
Дүйнөсүн элдин байытып
Өзүңдөн узак жашасын
Чыгармаң кылым карытып

Дүйнөнүн көркөм көлүнө
Чыгармаң бүтүн чайынган
Из калып эч бир өчпөгөн
Ааламга жолун салынган

Кайгылуу кабар укканда
Дуйнөмө түшкөн дүрбөлөң
Жеткениң бейиш жер болсун
Кеткениң арман дүйнөдөн

Көл деле сени сагынат
Ак-кеме сүзгөн баягы
Көңүлдөң өчпөй жаңырат
Сен жазган сүйүү баяны

Жаралса кайра жаралаар
Чыңгызга теңдеш зор адам
Кыргызга түшкөн кутка окшоп
Миң жылдар өтсө арадан
Жүрөктөн өчпөйт Чыңгызым

Азиз Батыров — Чыңгыз Айтматовго тексти: 25 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *