Акыретке кеткен келе элек,
А дүйнөнү айтып бере элек.
Өкүнүчү арбын болсо да,
Өмүр чиркин өзү керемет.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет,
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Өмүр жазы кышта жайнабайт,
Булбул дагы үнсүз сайрабайт,
Өмүр кыска, бакыт көз ирмем,
Жаш кезекти бизге байлабайт.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет,
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Кадырлашып жүрүп өтөлү,
Карылыкты бизге жоё элек.
Адам уулу өлбөс боло элек.
Аңдыганын ажал коё элек,
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет,
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Дилбар Райымбекова — Өмүр керемет тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 4038