Бир, эки, үч, кетип барат күч,
Кээде ийреңдеп, кээде басып түз.
Алгачкы кадам, биринчи кадам,
Ушинтип араң үйрөнөт адам.
Тай-тай-тай, бөбөк, тай-тай-тай, бөбөк,
Ушинтип араң үйрөнөт адам.
Кубанып карап, кадамдап барат,
Элеңдеп кайра отура калат.
Алгачкы кадам, биринчи кадам,
Ушинтип араң үйрөнөт адам.
Тай-тай-тай, бөбөк, тай-тай-тай, бөбөк,
Ушинтип араң үйрөнөт адам.
Ооп оң-солго, оңолуп зорго,
Башталды сапар алыскы жолго.
Алгачкы кадам, биринчи кадам,
Ушинтип баарын үйрөнөт адам.
Тай-тай-тай, бөбөк, тай-тай-тай, бөбөк,
Ушинтип араң үйрөнөт адам.
Дилбар Райымбекова — Алгачкы кадам тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 445