Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Ай кызым ай, ай кызым,
Ай кызым менин.
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергин.
Арбайт ар бир кыймылың,
Бийчи кызым, махабатымсың,
Махабатымсың.
Айдан түшкөн, ай кызым,
Таазим кылам чырайыңа мен,
Чырайыңа мен.
Жайкалган өрмөлүңдөн,
Көзүңдөн мөлтүрөгөн.
Кайырма:
Өткүр жаштык өмүргө сүйүү берген,
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергин.
Ай кызым ай, ай кызым,
Ай кызым менин.
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергин.
Жомоктон келген ханзаадам,
Сулуулардын периси белең?
Мен издеген.
Байкатпай жүрөк уурдаган,
Бийчилердин сыйкыры белең?
Мен билбеген.
Алтын көкүл саамайыңдан,
Аппак жүзүң, маанайыңдан.
Кайырма:

Динара Акулова — Ай кызым тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *