Дүйнөнү кездирип сени издедим,
Издегениңди мен дагы сездим.
Кайгынын кучагында калганымда,
Сен мени эңсесең, мен сени эңседим.
Кайырма:
Жаңылдым, жаздымбы?
Сынадым бактымды.
Сүйүнчү, туугандар,
Бүгүн сүйүүмдү таптымбы?
Жаңылдым, жаздымбы?
Таптымбы бактымды?
Чын эле, чын эле, жаным, мен сени таптымбы?
Канча ирет өрүк гүлү төгүлдү?
Махабат күүсү узартсын өмүрдү.
Жоогазын гүлдөй, жоодурап көздөрүң,
Бир гана сага айтам, сүйүү сөздөрүн.
Кайырма:
Дүйнөнү кездирип сени издедим,
Издегениңди мен дагы сездим.
Кайгынын кучагында калганымда,
Сен мени эңсесең, мен сени эңседим.
Кайырма:
Динара Акулова — Чын эле сени таптымбы? тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 596