Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлү бизге үндөшпөй.
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы, сенин, кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай,
Жолуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Нөшөрлөйт,эй, жамгыр аянбай.
Бошотуп жүрөк кылдарын,
Боздотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктой,
Шолоктоп неге ыйладың?
Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы өмүр тизмеги?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Бошотуп жүрөк кылдарын,
Боздотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктой,
Шолоктоп неге кыйнадың?
Динара Акулова — Шолоктоп неге ыйладың? тексти
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 606