Илгери өткөн заманда бир жакыр жашаган үй-бүлө болуптур да, алардын болгон малы, баккан-көргөнү, ишенгени жалгыз өгүзү экен. Бир жолу ага токойдон чыккан карышкырлар кол салат. Ач бөрүлөр жетөө экен.

Өгүз эптеп корголоп, акыры сарайына чейин келиптир да, мүйүзү менен кашабаларды челип, арткы буту менен сарайдын эшигин ачыптыр. Ачыккан жырткычтар жаңы кан таткысы келип, алар да сарайды түрткүлөп ачып алат. Анан качкан да, куугандар да кирген соң эшик жабылып калат. Каалга болсо ичинен сыртка түрткөндө ачылбайт да. Ошентип жети карышкыр, бир өгүз сарай ичинде камалат.

Эртеси өгүз ээси малын издеп чыкпайбы. Издеп-издеп, анын сарайынын жанынан эле из чалып калат. Абайлап караса, өгүз изи менен карышкырлардын изи алма-чалма болуп жүрөт. Кедей аябай коркту. Ананчы, оңдурбай турган карышкырдын изи жатпайбы. Жүрөгү жамандыкты сезет. Эми эмне кылуу керек? Жок дегенде өгүзүнүн сөөгүн көрүп көпшүнү сууса болот беле?
Из кууп сарайга кирет.

Кирсе, кудай мындай бербеспи, өгүзү өкүрөт. Ээсин көрүп эреркеп кетти го. Кедей көргөн көзүнө ишенбеди: өгүзүнүн көзү кыпкызыл, бурчта мүйүзүн алдыга каратып, бирөөнү челип ыргытканы камдуу турат. Анын алдында карышкырлар сулап жатат. Болгондо да бешөө.

А эки карышкыр эки бурчта көзү жалдырып, кансырап, үрпөйүп, адамга жалооруп жардам сурайт. Киши таяк менен аларды да чаап жыкты, жети карышкырдын тең терисин сыйрып, олжолорун артынып, өгүзүн алдына салып жолго түштү.
Келатса айылдашы, бай киши алдынан жолугуп, тигини көрүп кекээрдүү үн катты:
— Жалгыз өгүзүң экөөң окшошуп кайдан?
Кедей унчукпады.
— Оо, мынча терини каерден таптың? Карышкырдыкыбы? Сатчы мага?!
— Мен мынабул өгүзүмдү токойго коё бердим эле, ушунча карышкырды сулатыптыр. А сенин өгүздөрүң көп, семиз да, сен да аларды токойго коё бер, карышкыр эмес, андан башканын терилерине да маарыйсың.
Бай акылсыз да, буга ишенип алат. Кызматчыларына келип, бүт өгүздөрүнүн мүйүздөрүнө курч болот кадатып, аларды токойго кое бердиртет. Анан ичинен кудуңдап, ойлонот: «Ар бир өгүзүм жетиден карышкыр өлтүрүп келсе да… оо уу, аябай эле териге көмүлөм, анан аны сатып…»
Ошентип атканда эле өгүздөрдүн өкүрүктөрү угулат. Алар карышкырлардын үйүрүнө кабылган эле, болот мүйүздөрүн көтөрө албай, бөрүлөргө биринин артынан бири жем болот. Акылсыз бай токойго кирсе, тойгон карышкырлар оюн салып, ары кетет, а өгүздөрүнүн ар кай жерде аркайган болот мүйүздөрү, туяктары, куйруктары гана калыптыр…
Же өгүздөн жок, же териден жок санаасы менен байыган бай ошентип бир күндө эле итке минип калыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу кыз жомок49
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар31
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *