Гүлзар бак сен экөөбүз пааналаган,
Жаштардын куттуу жайы аралаган.
Жандардын бар экенин кайдан билдим,
Бактылуу болоорумду каалабаган.
Кайырма:
Жараштык катар өскөн кайың болуп,
Келечек беш кол сыңар дайын болуп.
Ак жоолук салынаарым калган эле,
Калаарым түбөлүктүү жарың болуп.
Жандарды артык көрүп канчалаган,
Кызыл гүл сыяктантып калкалагам.
Кырсыктуу жандар барын кайдан билдим,
Кырчындай махабатты талкалаган,
Кырчындай махабатты балталаган.
Кайырма:
Сүйүүбүз нур төгүлүп агар дедим,
Чолпондой багыт берип жанаар дедим,
Арман, ай айрылууга туштуктурган,
Ал күндөр айыкпаган жарам менин.
Кайырма:
Динара Тилекеева — Ал күндөр тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 325