Бала жыты бейиш жыты турбайбы
Бала болсо болбойт тура мууң кайгы
Бала бакыт экенине ишендим
Алдей ырын ар бирибиз ырдайлы
Кайырма:
Балам мурасым улут уласын
Намыс менен мекен курасын
Балам балам балапаным садагам
Бапестеген баскан сайын аркадан
Бала жытын жыттайынчы
Балкым жатып уктайынчы
Бала менен сынабасын оо кудайым
Бакыт арабасын бакыт арабасын
Баары тартып жүрсүн ылайым
Тай тай бассаң кучагыма талпынар
Ууртуңдан тиштем алам балкыма
Тайгаланба таштак турмуш жолунан
Улуум тирек болсо экен дейм калкыма
Динара Тилекеева — Бала жыты тексти
Датасы: 26.04.2024 Көрүүлөр: 2678