Күндөр сүйкүм жадыраган жаздагы
Гүлсүз көркөм дешкен болбойт бакчаны
Күндөй сулуу гүлдөй назик энекем
Катарында аман турса балдары

Алыс сапар чексе кокус баласы
Жолун карап тынбай санаасы
Уул кыздары жакшы чыкса намыска
Ошол экен энелердин бактысы

Кайырма:
Карангыда асман дагы ай дагы
Жарык кылбайт энелердей ааламды
Чындыгында эне бакыт эне кут
Аздектейли энелерди чыдамдуу

Эне деген саян бак шактагы
Энелерди урматтайлы жаш каары
Эне күлсө кошо күлсө бул Аалам
Ошол эле жашоо көркү турбайбы

Кайырма:
Карангыда асман дагы ай дагы
Жарык кылбайт энелердей ааламды
Чындыгында эне бакыт эне кут
Аздектейли энелерди чыдамдуу


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *