«Душмандын ушагына ишенсек, досторду жоготуп алабыз»
Чытырман токойдо бир бүркүт жашаптыр. Ал уясын дуб дарагынын үстүнө куруптур. Дуб дарагынын ортосундагы көндөйгө бир жапайы мышык орун алыптыр. Ал эми дарактын түбүндө болсо, каман жайгашат экен.
Ошентип баары өзүнчө тынч жашоосун уланта беришиптир.
Бирок бир күнү бул тынчтык да бузулат экен.
Ошол күнү мышык бүркүткө келип:
— Экөөбүздүн балдарыбыз коркунучта, — дейт.
Анда бүркүт:
— Ии, эмне болду анчалык? — дейт камырабастан.
Жапайы мышык аптыга сүйлөп:
— Ай эмне болмок эле? Каман биз жашаган дарактын астын улам казып жатат. Өз оюнда даракты кулатып биздин балдарыбызды жеймин дейт окшойт, — дейт. Жапайы мышыктын бул сөздөрүн угуп алып, бүркүт да корко баштайт. Эгер чын эле каман жерди оюп жатса, анда бул нерседен кантип кутулууну ойлоно баштайт. Бүркүттүн тынчсызданганын көргенден кийин, эми мышык каманга барат да:
— Ай коншу, такыр сыртка чыкпагын! Бүркүттүн ниети жаман болуп калыптыр. Бүт ою сенин балдарында. Кантип жесем экен эле деп турат. Сага муну дос болгон үчүн айтып жатам. Бүркүт угуп калбасын, эч кимге айтпа муну, — дейт.
Бул сөздөрдү уккандан кийин каман да аябай ишенип калат. Анан бүркүт келип балдарымды жеп кетет деп такыр сыртка чыкпай калат. Бүркүт да каман даракты кулатып балдарымды жеп кетет деп, эч жака жылбайт.
Мына ушинтип күндөр өтө берет. Бүркүт да, каман да жапайы мышыктын жалган сөзүнө ишенишип, эч жакка чыкпай, акыры ачкачылыктан кыйналып өлүп калышат. Ал эми жапайы мышык болсо, ал экөөнүн жана алардын балдарынын эттерин жеп жыргап калат.
Чынында биз досту туура тандабасак, анда жаныбызда жүргөн жаман дос бир күнү бизди жаман жолго түртүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан досту туура тандообуз керек. Албетте, эки досту чабыштырган — бул анык душман.