Себелеген терезеден жамгырдай,
Көзүң албай, жолуң карап кайгырмай,
Сагынычта күн кечирип жүрөсүңбү?
Билесиң сүйө, сүйө, сүйө албадым,
Сени менен бирге өмүр сүрө албадым.
Бүтпөгөн өзүм болдум бир арманың,
Бара албадым.
Билесиң сүйө, сүйө, сүйө албадым,
Сени менен бирге өмүр сүрө албадым.
Оттой ысык мамилени кура албадым…
Бош бөлмөдө жүрөк толгон күйүткө,
Эч өчпөгөн ишеничиң үмүттө.
Бирге жүргөн кезди карап сүрөттөрдөн.
Билесиң сүйө, сүйө, сүйө албадым,
Сени менен бирге өмүр сүрө албадым.
Бүтпөгөн өзүм болдум бир арманың,
Бара албадым!
Билесиң сүйө, сүйө, сүйө албадым,
Сени менен бирге өмүр сүрө албадым.
Оттой ысык мамилени кура албадым…
Билесиң сүйө, сүйө, сүйө албадым…
Оттой ысык мамилени кура албадым…
Билемин сүйө, сүйө, сүйө албадың,
Мени менен бирге өмүр сүрө албадың.
Бүтпөгөн өзүң болдуң бир арманым,
Келе албадың. Келе албадың.
Билесиң, сүйө, сүйө, сүйө албадым,
Сени менен бирге өмүр сүрө албадым.
Оттой ысык мамилени кура албадым…