Өткөн заманда бир кедейдин катыны токойдон чырпык терип жүргөн жеринде толготуп, жаш теректин түбүнө келип эркек төрөйт. Анан баланы этегине ороп, чырпыгын аркасына көтөрүп үйүнө келет. Жалгыз эчкисин союп той берип, атын Чынарбай коюшат.
Чынарбай буту баскандан тартып эле, ар күнү баягы жаш теректин түбүнө келип ойноп жүрчү экен. Бала чоңойгон сайын терек да күнүгө бир кулачтан узарып баратканын көрүп жүрдү. Ал ошентип, жөнөкөй терек эмес, абдан чоң чынар терек боло калганына айланадагы элдин баары таңданышты. Тегерегине киши коюп, күнүтүнү кайтарышып, бирок теректин сырын эч ким биле алган жок.

Бир күнү Чынарбай жолдошу менен чүкө талаша кетти. Экөө кармаша баштап, Чынарбай чалкасынан жыгылды. Көзүн ачып, чынар теректин учуна караса: кырк канаттуу ак боз ат минген, ай десе — ай, күн десе — күндөй кыз чынарга келип конгонун көрдү. Чынар ылдый ийилип, анан кайра көтөрүлгөндө дагы узара түштү. Кыз бир аздан кийин көздөн кайым болуп учуп кетти. Чынарбай теректин сырын эми түшүндү. Арадан үчтөрт күн өтпөй, Чынарбай Ашык досун жанына алып, астына ат минип, үстүнө тон кийип, кызды издеп жолго чыкты. Экөө күндөптүндеп жол жүрүп отурду. Ээң талаа, эрме чөл, как эткен карга, кук эткен кузгун жок жерди басып өтүштү. Аттары ыргыйдай, өздөрү торгойдой болушту. Акыры бою бир карыш, сакалы беш карыш карыя жолукту. Балдар ызаат менен салам беришти да:
— Карыя, ушул жол кайсы жакка алып барат? — деп сурашты.
Чал алик алгандан кийин:
— Балдарым, атыңар ыргайдай, өзүңөр торгойдой болупсуңар, ыраактан келе жаткан окшойсуңар. Издегениңер эмне? — деди.
Чынарбай атынан түшүп, эки колун бооруна алып, башын ийип, өз сырын бүт айтып өттү. Карыя баланын өзүн абдан кунт коюп угуп, кайтарган жообу мындай болду:
— Балам, жаш экенсин, тилегиң ордунан чыксын, бактың ачылсын! — деп алакан жайып бата берип, сөзүн анан дагы улантты. — Перинин катыны асманда жер кыдырып учуп, саякат кылып жүргөндө толгоо кирип, үйүнө жетүүгө чамасы келбей, чынар теректин башында кыз төрөп, а сенин энең так ошол чынардын түбүндө эркек төрөйт. Кызын колуна алып, жерге түшүп, чынардын түбүндө жаткан сага үңүлө карап, маңдайыңа белги салып, минтип айткан: мына бул адамзаттын баласы болсо да, кызым экөө бир убакта жана бир жерде төрөлдү. Ошондуктан, бул экөөнүн өмүрү да, бактысы да бир болсун! — деп кызын алып учуп кеткен. Сенин энең чырпыгын жонуна көтөрүп, уулуң, этегине ороп, үйүнө жөнөгөн. Кызы дайым ошол чынардын башына келип ойноочу. Ал келгенде чынар күн сайын бир кулачтан узарып турчу.
— Карыя, эми мен аны кайдан табам? — деп сурады Чынарбай.
— Балам, жолуңдун көбүн басып өтүп, азы калды. Чыдаган жигит жеңиштүү болот. Мындан ары жолуңарда ач бөрү, кара чаар жылан чыгат, көзгө сайса көрүнгүс түнт токой жолугат. Токойдогу жырткыч айбандар бакырык өкүрүп, улуп уңшуганда кулагынар тунуп, эстен танасынар. Ошондо артыңарга эч карабай, атынарды мууздап, ач бөрүлөрдүн алдына сала бергиле. Жырткычтар этке карап, силерге тийбейт, аттан ажырадык деп кейибегиле. Тан, агарып, күндүн нуру төгүлгөндө жер жарылып, бөлөк бир жол көрүнет. Ошол жол менен жүрүп отурсаңар кыздын өргөөсүнүн так өзүнөн чыгасыңар; анын узун чачын белиңерге бек байласаңар, куткарбайсыңар,— деди да, чалдын өзү заматтын ортосунда жок боло калды. Чынарбай Ашык досу экөө чалдын айтканындай кылып узак жол жүргөндөн кийин, кыз уктап жаткан өргөөнүн так өзүнөн барып чыгышты.
Эки дос кыздын чачын белдерине беш айланта орошту. Анан кызды ойготушту. Кыз чочуп ойгонуп, берки экөөнү көргөндө асманга үч көтөрүлүп, үч жолу жерге кайра түшөт. Ошентсе да экөөнү көтөрүп уча алган жок, Акыры кыздын айласы кетип:
— Силер эмне кылып жүргөн жансыңар? Максатыңар кайсы? Издегениңер эмне? — деп ачуулана баштады.
— Мен баягы чынар теректин түбүндө төрөлгөн баламын. Атым Чынарбай, — деди бул.
Кыз уккан кабарын энесине айтты. Энеси Чынарбайды маңдайынан таанып, кызын берип, узатып жиберди.
Чынарбай колуктусу жана Ашык досу менен бир тоодо тиричилик кылып турушту. Эки дос күн сайын кийик уулап, тоонун башына кетишет. Колуктусу үйдө дайым жалгыз калчу. Бир күнү эригип отуруп, анан дарыянын боюна барып, чачын жууду. Бир тал чачы сууга түшүп агып кетти. Ал суунун аягында бир хан тегирмен салдырган экен. Кыздын жалгыз тал чачы тегирмендин барасына барып оролгондо, ал токтоп калды. Хан тегирменин карап, барага оролгон чачты көрдү. Ачуусу келип, элин чогултуп:
— Тегирменди токтоткон перизаттын чачы экен, муну ким таап келет? — деди.
— Элдин ичинен өңү жездей, бели бөкчейгөн, көзү чекчейген бир мастан чыгып:
— Мен табамын, эмне бересиз, ханым? — деп сурады.
— Каалаганыңды ал, — деди хан.
— Каалаганым он бештеги бала, — деп кемпир айтты.
Хан буга макул болду. Мастен кемпир ылдый сүзе турган суу кайык, өйдө сүзе турган жел кайык жасатып алып, ылдый карай сүзүп, эч нерсе таппады. Анан жел кайыкты минип, суунун агынын карай каршы сүзүп, дарыянын башына барып токтоду. Кайыгын сууга байлап коюп, кызды өзү жөө издеди. Кечке маал кыздын үйүн таап, ыйламсырап кирип келди:
— Айланайын кызым, багаркөрер эч кимим жок. Үстумдө үйүм, астымда казаным жок анык бечарамын. Эгер боор оорусаң, силердикине кызмат кылып, күн көрсөм дейм. Ырайым кылгыла! Мени эч жакка тентитпегиле! — деп ыйлай баштады.
Перинин кызы ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры кемпирди аяп, үйүнө алууга макул болду. Кийин Чынарбай да макул болуп: ар дайым жалгыз каласың, сага бул бир чети эрмек, бир чети эне эмеспи, — деп оюна эч нерсе алган жок.
Мына ошентип, арадан бир топ күн өткөндө кызды кемпир сууга ээрчитип келип, чачын тарап отуруп:
— Э, кызым, менин көзүм жакшы көрбөй жатат, а сеники курч эмеспи, карачы, тиги эмне? — деп сууда байланып турган кайыкты көрсеттү. Кыз анын эмне экенин билбей аңтаң болуп, анан кемпирди ээрчитип кайыктын так жанына келди. Кемпир кайыкка түшүп, өйдөтөмөн сүзө баштады.
— Бул эң сонун тамаша экен. Сен да түшкүн. Суу ылдый бир аз барып, ойнопкүлүп көңүл ачалы, — деди кемпир.
Оюна эч жамандык албаган кыз өзү да кызыгып, кемпир айтар замат кайыкка секирип түштү. Анан ал эки жакты карап, жер көрүп баратып, үйдөн алыс кеткенин байкабай калды.
Мастен кемпир кызды ханга алып келип, андан сүйүнчүсүн алды. Хан перинин кызына нике кыймакчы болуп, малды аябай союп, той берип бүлүнүп жатты.
Бул учурда Чынарбай менен Ашык дос үйүнө келип, кызды кемпир азгырып алып кеткенин билип, суу бойлоп издеп жөнөштү. Алар суу ылдый келип, хандын шаарына кирип, тойдун үстүнөн чыгышты. Тойго жыйналган элдин көптүгү кадим эле кумурскадай, басып жүрүшсө жол табылбайт. Чынарбай колуктусун али көрө алган жок. Үйдө отурган колуктусу Чынарбайдын келгенин мылтыктын үнүнөн билип, эшикке чыгып карап келейин деп кемпирден сурады. Кемпир чыгарбай койду. Ошондо кыздын кыжыры кайнап, кемпирди төшкө тээп жыгып, өзү сыртка учуп чыгып, анан Чынарбай менен Ашык досуна чачынын учун карматып, кетөрүлүп учкан бойдон алыс кетти. Эл бул окуяга аябай таң калды. Хан оозун ачып, пулун бекерге чачып кала берди. Берки үчөө учуп отуруп, өздөрүнүн үйүнө келди.
— Бетөн жерде жүргенүбүз жакшы эмес , душманыбыз көп, тууганыбыз жок турбайбы, — деди Чынарбай колуктусуна.
— Андай болсо туугандарыңа баралы, — деп колукту айтты. Ошентип үчөө жолго чыкты.
Булардын кабары кишиден кишиге, айылдан айылга угулду. «Чынарбай менен Ашык досу перинин кызын алып келатат» деген сөз өздөрүнөн мурда учуп жетти. Бул кабар Чынарбай баш ийген ханга да угулду.
— Мен ала турган перинин кызына үйлөнгөндү ага ким коюптур? — деп хан өз ичинен катуу кекенип, Чынарбайды амал менен елтүрүп, перинин кызына үйлөнүштүн аракетин кылды. Ошондо Ашык дос түш көрүп, Чынарбайга минтип айтты:
— Бүгүн мен укмуш түш көрдүм. Аны сага кийин сүйлөп берем, азырынча сенден суранарым: менден эч сөз укпай туруп, үч нерсеге макул болгун, — деди.
Чынарбай макул болду. Айылга жакындаганда, Чынарбайды хандын жигиттери үч ат менен алдынан то суп чыкты; алардын ээрине уу сыйпап койгон эле. Ашык дос Чынарбайга ууну көрсетүп, аттарды мууздап, ээрин өрттөп жиберди. Андан кийин хандын жигити Чынарбайга куш алып келди. Ашык дос куштун боосун өрттеп, өзүн учуруп жиберди. Дагы бир жигит уу шыбап койгон кийимдерди алып келди. Ашык дос Чынарбайга аны да кийгизбей, өрттөп салды. Акыры алар өз үйүнө келип түштү, бирок хан үйгө да уу сыйпатып койгон. Ашык дос хандын кылыктарын Чынарбайга айта алган жок. Анткени, хан Чынарбай менен тууган чалыш. Ошондуктан эч ишенбейт деп ойлоду. Үчөө тен аябай чарчап келип, үйгө кирер замат уктап кетишти. Ашык ойгонуп, уукка сыйпалган уу пери кыздын бетине тамчылап жатканын көрүп, аны ойготпостон, ууну этине сиңдирбей улам соруп, кайра түкүрүп турду. Чынарбай да ойгонуп кетти, Ашыктын бул ишин көргөндө:
— Сенин достугуң ушул экен да! — деп ачууланып, көңүлү таптакыр кайтып калды. Ашык дос катуу таарынып, буга сырын ачпастан, өзүнүн үйүнө жөнедү. Бирок «Чынарбай өлдү» деген кабар Ашык достун артынан кошо жетти. Ал кайра келип:
— Сен эптеп хандан сактанып тур! —деп пери кызга бекем эскертип, Чынарбайды үкөккө салып кетөрүп, алыскы ээн талаага баргандан кийин, бир аз тыныгып жана өзү ыйлап отурду.
Бул учурда Чынарбайдын колуктусу жерге жети темене сайып: —«Жети кат темир үй бол!» деди эле, ошол замат жети кат темир үй калды. Ошентип, Чынарбайдын колуктусу Ашык достун келишин тынч гана күтө берди.
Ашык дос талаада ыйлап отурса, баягы бою бир карыш, сакалы беш карыш карыя келип:
— Э, балам, эмне ыйлап отурасың? Башыңа кандай кыйын иш түштү? — деп сурады.
— Айланайын атабай, кичинемен бирге өскөн жан аябас досум эле. Ошол досум өлүп калды. Сизден бир айла болобу деп көтөрүп келдим,— деди Ашык дос көзүнүн жашын сүртүп.
— Чын тилек ордунан чыгар! — деп карыя үкөкту бирэки аттап, таягы менен чапканда, Чынарбай, үшкүрүп тура келди. Абышканын езү ошол замат көздөн кайым болду. Чынарбай көзүн ушалап:
— Биз мында эмне кылып жүрөбуз? — деп сурады. Болгон окуянын баарын Ашык дос эми айтып өтту.
Чынарбай иштин жайын ошондо гана билди. Экөе айылга кайтышты. Бул кезде хан перинин кызына нике кыйдырмак болуп, бирок темир үйдү буза албай айлаласы кетип, усталарды бүт жьйнап, үйдүн жети кат темирин егөө менен өгөтүп, араа менен кестирип жаткан экен. Эки досту көргөндө хан чочуп кетти да, езүн актап:
— Сенин катыныңдын курсагы ачты деп үйдү бузуп, тамак беришке камынып жаттым эле,— деди.
Чынарбайдын ачуусу келип, хандын башын кесип алды. Эл чогулуп, абдан ырас кылдың дешип, Чынарбайды хан көтөрүштү. Чынарбай Ашык досуна колукту тандап жүрүп үйлөнтүп, малмүлктү тең бөлүштү. Бирок Ашык дос канчалык байыса да, бат зле кайра жарды болуп калат. Чынарбай бул ишке акылы жетпей, эң акыры эл ичиндеги эстүүбаштуу карыяларга кеңеш салды.
Көптү көргөн көсем карыя минтип айтты:
— Хан үйүңө уу сыйпап өлтүргөңдө, Ашык досуң сени жонуна көтөрүп:
— Мага малдын да, мүлктүн да, баланын да кереги жок, жалаң Чынарбай досумун гана башы аман болсун! — деп зар ыйлаган. Мына ошентип, жаштын тилеги кабыл келип, Ашык досуң мал менен мүлктү эч качан күтпөс болгон, — деди.
Ошондон кийин элде: «Дос, досуңа жаныңды кош» деген сөз калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы42
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Карышкыр менен эчки33
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок24
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *